Тоолук фельдшер

DOCA Кыргызстан

Тоолук фельдшер

(документалдуу фотосүрөттүү тарых)

Текст: Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму (ДССУ) – Кыргызстан

Сүрөттөр: ДССУ / Даниль Усманов

16 May, 2024 год

Нарын областы, Кыргызстан

Медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгү көп учурда укмуштуудай кызыктуу окуялар менен коштолгон бийик тоолуу Нарындын алыскы, жетүүгө кыйын аймактарында кыйынчылыктарга карабастан жанын аябаган адам жашап жана иштеп келет. Медициналык кызматтар аз, ал эми аралыгы аябагандай алыс аймактагы үмүттүн жана туруктуулуктун жарыгы болгон Жийдегүл Ырысбаева менен таанышыңыздар.  

Бул документалдуу фотосүрөттүү тарыхта биз Кыргызстандын эң бийик тоолуу Нарын областынын деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашкан Каратал Жапырык районунда жашаган жана кызмат кылуу менен боорукердикти өзү үчүн милдеттүү деп сезген фельдшер Жийдегүл Ырысбаеванын жашоосуна жана ишине сүңгүп киребиз. 

Кыргызстандын жетүүгө кыйын болгон аталган аймагына барууга байланышкан логистикалык кыйынчылыктарга карабастан, Жийдегүл Ырысбаева өзүнүн өмүрүн талыкпастан өз коомуна арнап келе жатат. 

Жарым ставкада медицина кызматкери, ал эми толук – ден соолуктун сакчысы болуп саналган Жийдегүл Ырысбаеванын миссиясы анын милдеттеринин чегинен ашат. Эмдөөгө өзгөчө көңүл буруу менен ал Кыргызстандагы өз мекендештеринин өмүрүн сактап калууда чечүүчү роль ойнойт. Ал өз аракеттери менен эмдөө эле жасабастан, ошондой эле калкка эмдөөнүн маанилүү экендиги тууралуу дагы түшүндүрүп келет. 

Ушул документалдуу фотосүрөттөрдүн сериясы Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун (БДССУ) жана башка өнөктөштөрдү эмдөө жана иммунизациялоо жаатында колдоо боюнча талыкпаган күч-аракеттерин жарыкка чыгарат. Кеңейтилген иммунизациялоо программасы 50 жылдан ашуун убакыттан бери БДСУнун Кыргызстан дагы кирген Европа аймагынын негизи болуп саналат. Алдын алууга боло турган оорулардан сансыз өмүрлөрдү жана муундарды сактоо менен коомдук саламаттык сактоо жаатындагы демилгелердин маанилүү бөлүгү болуп эсептелген Кыргызстандын иммунизациялоо программасына дагы 2024-жылы 30 жыл толот. 

Европалык иммунизация жумалыгын белгилөө менен Жийдегүл Ырысбаеванын жана анын кесиптештеринин туруктуу жактоочулугун баса белгилеп өтүү үчүн бизге кошулуңуздар. Өз жанын аябаган каармандыгы жана вакциналардын күчү менен алар өмүрлөрдү эле сактап калбастан, ошондой эле Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн дени сак жана туруктуу келечеги үчүн пайдубал түптөп жатышат. 

Жийдегүл Ырысбаева (54) Кыргызстандын Нарын областындагы Каратал Жапырык районундагы жетүүгө кыйын болгон тоолуу жердеги коңшуларын эмдөө үчүн атчан бара жатат.
Жийдегүл Ырысбаеванын Кыргызстандын Нарын областындагы Каратал Жапырык районундагы фермасы

 

Жийдегүл Ырысбаева Каратал Жапырык районундагы өз үйүндө дуба кылууда.
Жийдегүл Ырысбаева Каратал Жапырык районундагы фермасында козулардын жүнүн кыркуу менен алектенүүдө.

 

Фельдшер Жийдегүл Ырысбаева Каратал Жапырык районундагы үйүндө идиш-аяк жууп жатат.
Жийдегүл Ырысбаева күйөөсү Субанбек Тентиев Нарын шаарындагы алардын үйүндө эс алып жатканда, бейтаптарынын маалыматтар базасын
онлайн-платформада толтурууда.

 

Жийдегүл Ырысбаева Нарын шаарындагы эмдөө пунктунда бардык вакциналарды термобокска салып жатат. Ал тоого вакциналарды бүтүн жана сакталган боюнча жеткирүү үчүн ар бирин таңгактап алат.
Жийдегүл Ырысбаева Каратал Жапырык районундагы жашоочуларды эмдегенден кийин үйдөн чыгып бара жатат.
Жийдегүл Ырысбаева жана Субанбек Тентиев Нарын шаарына кой сатканы бара жатышат, ал жерден базардан керектүүлөрүн сатып алышат жана Нарын шаарынан вакциналарды ала келишет.
Жийдегүл Ырысбаеванын күйөөсү Субанбек Тентиев Каратал Жапырык районуна эмдөө жасаганы үйлөргө жетүү үчүн тоо жолундагы ташты ордунан жылдырууда.
Жийдегүл Ырысбаева Нарын шаарында өзүнүн машинасындагы термобокска жөлөнүп эс алууда.
Жийдегүл Ырысбаева Каратал Жапырык районундагы эмдөөдөн кийин бейтапка күтүлүүчү реакциялар тууралуу түшүндүрүүдө. 
Жазгүл Жумалык өзүнүн уулу Али Марсбековду (2), Жийдегүл Ырысбаева алардын Каратал Жапырык районундагы үйүндө эмдөө жасап бериши үчүн кийиндирип жатат.
Жийдегүл Ырысбаева бейтапка эмдөө жасоо үчүн шприцтеги абаны чыгарууда.
Жазгүл Жумалык алардын үйүндө Жийдегүл Ырысбаева эмдөө жасап жатканда уулу Али Марсбековду кармап турат.
Али Марсбеков алардын үйүнө Жийдегүл Ырысбаева эмдөө жасаганы келгенде кыргыздардын салттуу балдар бешигинде уктап жатат. Эми Али дарыгердин колдоосунун жардамы менен аны кептөөр, селейме жана көк жөтөлдөн коргой турган эмдөө алат.
Жийдегүл Ырысбаева жетүүгө кыйын болгон тоолуу Каратал Жапырык районундагы коңшуларына эмдөө жасоо үчүн күйөөсү Субанбек Тентиев менен бирге ат үстүндө бара жатышат. Адамдар бул аймактан карышкырларды көрүшкөн, андыктан жалгыз жүрүү коркунучтуу.
Жийдегүл Ырысбаева Каратал Жапырык районундагы өзүнүн үйүндө бейтаптарга эмдөө жасоо үчүн шприцтеги абаны чыгарып жатат.
Жийдегүл Ырысбаева Каратал Жапырык районундагы коңшуларына эмдөө жасамакчы болууда.
Дарыгер Жийдегүл Ырысбаева Каратал Жапырык районундагы коңшуларын кыдырып жүргөн учурунда кан басымдарын өлчөп жатат.
Жийдегүл Ырысбаева күйөөсү Субанбек Тентиев менен биргеликте Нарын областындагы жетүүгө кыйын болгон тоолуу Каратал Жапырык районундагы коңшуларына эмдөө жасоо үчүн эң алыскы фермага келди. Адамдар бул аймактан карышкырларды көрүшкөн, андыктан жалгыз жүрүү коркунучтуу.
Меймандар Каратал Жапырык районундагы коңшуларынын үйлөрүнүн биринде Орозо Айт учурунда аларга Жийдегүл Ырысбаева берген медициналык буклеттерди окуп жатышат.
Жийдегүл Ырысбаева бейтапка эмдөө жасап жатат.
Жийдегүл Ырысбаева эң алыскы фермага атчан барган сапардан кийин, жетүүгө кыйын болгон тоолуу Каратал Жапырык районундагы коңшуларын эмдөөнүн астында эс алууда.
Жийдегүл Ырысбаеванын фермасындагы түнкү асман алдындагы дубал
Жийдегүл Ырысбаева жетүүгө кыйын болгон тоолуу Каратал Жапырык районундагы эң алыскы фермадагы бейтаптарды эмдегенден кийинки күнү, эртең мененки тамактын алдында күйөөсү жана коңшулары менен дуба кылып жатышат. Алар фермага түнөп калышкан, анткени караңгы киргенде артка кайтуу кооптуу.
Жийдегүл Ырысбаева жана анын күйөөсү Субанбек Тентиев ферманын жанында чогуу турушат.
Жийдегүл Ырысбаева телефонго сигнал кармаш үчүн тоого чыкты, анткени Каратал Жапырык районунда интернет бардык жерде тарта бербейт.

 


Европа Биримдиги менен өнөктөштүк

Европа Биримдиги тарабынан кош каржыланып жаткан долбоор, ушул тапта Кыргызстанда жана Борбор Азиянын башка 4 республикасы - Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда жүзөгө ашырылып жатат. Долбоор саламаттык сактоо министрликтерине иммунизация жана камсыздоо чынжырларынын логистикасы, тобокелчиликтер тууралуу маалымат берүү жана калкты тартуу, ошондой эле медицина кызматкерлеринин потенциалын өркүндөтүү маселелеринде колдоо көрсөтүүнү камтыйт, бул Иммунизация боюнча Европалык күн тартиби 2030дун максаттарына жана милдеттерине жетишүүгө карай жол ачат. 

Опубликовано: 16 May, 2024 год