Саодат Исмаилова, DAVRA жана Борбордук Азиянын documenta 15теги 40 күнү
Мукаба сүрөттун автору Саодат Исмаилова

Adamdar news Германия

Саодат Исмаилова, DAVRA жана Борбордук Азиянын documenta 15теги 40 күнү

13 June, 2022 год

Кассель, Германия

Иш-чара: сүрөтчү Саодат Исмаилова менен Борбордук Азиянын DAVRA жамаатынын көркөм программасы documenta — заманбап көркөм көргөзмөсүнүн алкагында көрсөтүлөт 
Убакыт: 25-июндан 4-августка чейин, 2022-жыл 
Жайгашкан жери: Кассель шаары, Германия 

Өзбекстандык видео сүрөтчү жана кинорежиссер Саодат Исмаилова эң престиждүү эл аралык заманбап искусство көргөзмөлөрүнүн бири – documentaга катышат. Көргөзмө беш жылда бир жолу Германиянын Кассель шаарында өткөрүлөт. Бул жылы Индонезиялык ruangrupa тобу көргөзмөнүн көркөм жетекчиси.
 
Борбор Азия мифологиясынын чилтен феноменин камтыган долбоорунун алкагында, Саодат Исмаилова бир нече видео, анын ичинде documenta 15 үчүн атайын жаралган жаңы Bibi Seshanbe тасмасын тартуулайт. Мындан тышкары, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 19 жаш сүрөтчү кыз-келиндердин башын бириктирген DAVRA жамаатын демилгелеген. DAVRA сүрөтчүлөрү Кассель шаарында 41 күндүк коомдук программаны жана атайын даярдалган басылманы тартуулайт.
 
Чилтендер (кырк чилтен, чильтон, шілтен) — 40 көзгө көрүнбөгөн рухтар жана ыйык кубулуштар. Алар адамдардын жашоосунун оор мезгилдеринде пайда болуп, аларды туура жолго салуу, айыктыруу жана коргоону көздөшөт. Чилтендер жаныбарлардын, адамга окшош жандыктардын, жаратылыш кубулуштарынын же өсүмдүктөрдүн формасын ала алышат. Чилтендер тууралуу маалымат аз. Көбүнчө, алар бакшы аялдардын шамандык тексттеринде, ошондой эле ыйык жерлердин сакчылары тарабынан муундан-муунга өтүп келе жаткан оозеки формаларда айтылат.
 
2022-жылдын 25-июнунан 4-августуна чейин чилде убыганда (жылдын эң ысык 40 күнүндө), DAVRA жамааты жана бир нече чакырылган коноктор тарабынан чилтендер жөнүндө түшүнүк бөлүшөт. Негизги көргөзмө тили — көркөм практикалар, анын ичинде кино көрсөтүүлөр, талкуулар, биргелешип тамак жасоо, тексттерди окуу, бийлер, мастер-класстар, перформанстар, музыкалык көргөзүүлөр ошондой эле балдар учун даярдалган атайын иш чаралар болот.

Автор: Жазгуль Мадазимова

Сүрөтчүлөр жөнүндө:

Саодат Исмаилова (1981-жылы Ташкент шаарында туулган) — Өзбекстандык сүрөтчү жана режиссер. Ташкент Мамлекеттик Көркөм Сүрөт Институтун жана Франциядагы Le Fresnoy Улуттук Көркөм Сүрөт Студиясын бүтүргөн. Анын тасмалары жана видео инсталляциялары Венеция биенналесинде, Берлиналеде, Роттердамдагы эл аралык кинофестивалда жана башкаларда көрсөтүлгөн. Саодат Исмаилованын эмгектери Париждеги Помпиду Борборунун жана Амстердамдагы Стеделийк музейинин коллекциясында сакталган.
 
DAVRA — Саодат Исмаилова тарабынан түзүлгөн Борбор Азиялык сүрөтчү кыз-келиндер жана илимий топтун бирикмеси. DAVRA мүчөлөрү Азиза Пулатова (Өзбекстан), Аида Адилбек (Казакстан), Беназир Ибраимова (Кыргызстан), Дана Искакова (Казакстан), Дария Нуртаза (Казакстан), Дария Ким (Өзбекстан), Диана Рахманова (Тажикстан), Диана У (Кыргызстан) ), Дилда Рамазан (Казакстан), Жазгүл Мадазимова (Кыргызстан), Зумрад Мирзалиева (Өзбекстан), Интизор Отаниёзова (Казакстан), Мадина Жолдыбекова (Казакстан), Мунис Жураева (Өзбекстан), Мухиддин Рискиев (Өзбекстан), Назира Карими (Тажикстан), Одина Рискиева (Өзбекстан), Токжан Каратай (Казакстан) жана Тилланисо Нурёгди (Өзбекстан).
 
documenta жөнүндө:

documenta — заманбап искусствонун эң маанилүү эл аралык көргөзмөлөрүнүн бири. 1955-жылдан бери Германиянын Кассель шаарында беш жылда бир жолу өткөрүлүп, 100 күнгө созулат. documenta 15тин кураторлору Индонезиянын ruangrupa командасы. Алар сунуш кылган концепция күрүч сактоо үчүн коомдук сарайды билдирген lumbung түшүнгүндө негизделген. Бул терминдин өз ара жардамдашуу, коллективдүүлүк жана бирдиктүү экосистеманын алкагында ресурстарды адилет бөлүштүрүү принциптерине негизделген мааниси көргөзмөнүн жалпы концепциясын белгилөө үчүн киргизилген.

Даталар жана практикалык маалымат:
documenta 15 2022-жылы 18-июндан 25-сентябрга чейин көргөзүлөт. DAVRA жамаатынын коомдук программасы 25-июнда башталып, 2022-жылдын 4-августуна чейин 41 күнгө созулат.


Долбоор Озбекстан жана Казакстандагы Гёте-Институту жана documenta 15 тарабынан каржыланган.
 

Опубликовано: 13 June, 2022 год